Патрулдук милиция иштеп баштагандан бери 81 кызматкерге сөгүш жарыяланган

1594

Былтыр 3 айдын ичинде эле патрулдук милиция кызматынын катышуусунда 7 жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Нур Сатыбалдиев билдирди.

Айтымында, 2 жол кырсыгында патрулдук милициянын кызматкерлери күнөөлүү болгон. Унаа жабыркаган учурда, анын чыгымын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы жабып, кийин ал чыгым ошол тартип сакчынын эсебинен кайтарыла турганы маалым болду. Калган 5 учурда патрулдук милицияда иштегендердин күнөөсү болбогону айтылды.

Дал ушул патрулдук милиция кызматы иштеп баштагандан бери 81 кызматкерге сөгүш жарыяланган. Мындай маалыматты Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Канат Жумагазиев ачыкка чыгарды.

Сөгүш патрулдук милиция кызматы иштеп баштагандан бери кызматтык териштирүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча берилген. Бирок тартип сакчылар кайсы аракеттери үчүн дисциплинардык жазага тартылганы ачыкталган жок.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.