Жети унаасы күйүп кеткен айдоочу элден жардам сурап жатат (видео)

6429

Чет өлкөдөн 7 унаа тартып келе жаткан тралдын машиналары менен кошо өрттөнүп кеткенинен улам келтирилген чыгымдын көлөмү 65 миң долларды түздү. Бул тууралуу жүк ташуучу унаанын айдоочусу билдирди. Айтымында, ал «Хонда Фит», «Хонда Стэпвагон», «Тойота Альфард» жана «Тойота Камри» үлгүсүндөгү унааларды ташып келе жаткан.

Эске салсак, өткөн ишемби күнү түн жарымда Бишкектин түштүк-батыш тарабындагы Күн-Туу айылына жакын жерде жүк ташуучу унаадан өрт чыккан. Кырсык болгон жерге 3 өрт өчүрүү бригадасы тартылып, 2 саатта жалынды өчүрүүгө мүмкүн болгон. Каш-кабактын ортосундагы кырсыктан улам ири чыгымга учураган айдоочу учурда коомчулукка жардам сурап кайрылууда.