НТС

Бишкекте 40ка жакын спортчу конкур боюнча ат салышууда (видео)

Бишкек шаарындагы ат спорт мектебинде кыркка жакын спортчу конкур боюнча ат салышууда. Өлкөнүн ачык чемпионаты 3-апрелге чейин уланат.
Мында аянтчада коюлган ондон ашык тоскоолдуктарды ашып өтүп, жакшы жыйынтык көрсөткөн аттар жана спортчулар тандалып алынат.
Мыкты деп табылгандар эл аралык турнирлерге катышуу укугун алышаары белгилүү болду. Ошондой эле аларга акчалай сыйлыктар тапшырылат.