110

Бишкекте 5 унаанын катышуусундагы жол кырсыгы катталды

Box_DTP_BISKEK_0308_0118.mpg_20170803162451
Бүгүнкүгө караган түнү, саат төрттө Бишкектин Сухе-Батор көчөсүндө “Лексус” үлгүсүндөгү унаа темир тосмону сүзүп барып токтогон. Машинанын ичинде 2 жаш эркек бала жана 2 кыз болуп, алар ар кандай жаракаттарды алышты. Күбөлөрдүн айтымында, жеңил унаадагылар Патрулдук милициянын токтоо тууралуу талабына баш ийбей, качып кетүүгө аракеттенип, чукул кайрылганда тосмону сүзгөн.

Ал эми бүгүн болсо 11:30да Бишкектин Чүй жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде 5 унаанын катышуусундагы жол кырсыгы катталды. Чүй проспектин бойлой токтоп турган 4 унааны “Тойота” машинеси келип сүзгөн. Бул кырсыктан жабыркагандар жок.