НТС

Бишкекте автобустагы жол кире акысы 20 сом болобу? (видео)

Бишкекте автобустарда жол кирени 20 сомго жеткирүү керек! Дал ушундай демилгени Бишкектин Биринчи май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбеков көтөрүп чыкты. Анын пикиринде Өзбекстан, Казакстан, Белорустагы заводдор коомдук транспортторду 3-5 жылга бөлүп төлөө менен сатууга даяр.

Ал эми ал акчаны жол кирени көтөрүү менен жүргүнчүлөрдөн чогултуп алууга мүмкүн экен. Жарандык активист болуп турганда жол акысын кымбаттатууга каршы чыккан Мавлян Аскарбеков бийликке келгенде эмнеге көз карашы өзгөрдү?