Өлкөдөн акча чыгаруу схемасы. Кезектеги иликтөө (видео)

5415

Түркияда кол салынган ишкер менен кыргызстанда өлтүрүлгөн 2 кишинин байланышы болушу мүмкүн. Ички иштер министрлиги эми гана ушул версияны да карай баштаптыр.

Ал арада «Азаттыктын» кезектеги иликтөөсү жарыяланып, анда тартип сакчыларынын суроолорунун дээрлик бардыгына жооптор камтылган. Миллиондогон акчаларды таңгактап ташыгандарды таасирдүү аткаминерлер калкалап турушкан.