Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү былтыркыга караганда 2,5 млрд куб метрге аз

3083

Токтогул суу сактагычында былтыркыга салыштырмалуу суунун көлөмү 2,5 млрд куб метрге аз. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынынын сайтында кабарланды. Ага ылайык, Токтогул гидроэлектр станциясын камсыздоочу суу сактагычтагы суунун көлөмү бүгүнкүгө карата 14,2 млрд куб метрди түзүүдө. Былтыр бул көрсөткүч дал ушул күнү 16,6 млрд куб метр болчу.

Эске салсак, быйыл жай айларында «Таза Көл» коомдук уюму Токтогул суу сактагычында суу кескин азайып кеткенин билдирип, бул кышта жарыктын өчүрүлүшүнө алып келиши мүмкүн деп эскерткен. Быйылкы көлөм мурдагы жылдагыдан 5-6 млрд, ал эми былтыркы жайдагыдан 3-4 млрд куб метрге аз болууда.

5-ноябрдагы жыйында вице-премьер-министр Равшан Сабиров Токтогулда суу аз топтолгондуктан, быйыл Кыргызстан Казакстандан 500 млн киловатт саат электр энергиясын сатып аларын айткан эле.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.