200 миңден ашуун кыргызстандык шайлоого катышпай калабы? (видео)

2740

Алдыдагы президенттик шайлоодо 200 миңден ашуун кыргызстандык жаран добуш бере албай калышы мүмкүн. Бул ички мигранттардын гана саны. Алар шайлоо күнү паспортунда көрсөтүлгөн дареги боюнча гана добуш бере алышат. Эгерде мүмкүнчүлүгү жок болсо, жарандык милдетин аткара албай калышат.

Буга чейин форма-2 арызы менен каалаган жеринде добуш берүүгө мүмкүн болчу. Бирок парламенттик шайлоонун жыйынтыгы массалык башаламандык менен аяктагандыктан, ал тартип алынып салынган. Эми форма-2 арызы менен чет өлкөдө жүргөн мекендештерибиз гана добуш бере алышат.