НТС

Бишкекте эл аралык деңгээлдеги эки иш-чара өтүүсү күтүлүүдө (видео)

Бул аптада Бишкекте эл аралык деңгээлдеги эки иш-чара өтүүсү күтүлүүдө. 27-ноябрда Кыргызстанга Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев келсе, эртеси Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун саммити өтөт.

Токаевдин сапары учурунда чек ара, транспорт, миграция, саламаттык сактоо тармактары боюнча бир нече документке кол коюлушу күтүлүудө. Ал эми ЖККУнун отуруму болсо эл аралык жана аймактык коопсуздук тармагындагы актуалдуу маселелерге арналат.