Комуз чабуунун сырлары (видео)

2102

Комуз күнүнүнө байланыштуу өлкөнүн бардык аймактарында бул улуттук аспаптын күүсү менен коштолгон чакан майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү. Бишкектеги Токтогул Сатылгановдун айкелинин астында жаш комузчулар көрүүчүлөргө таланттарын тартуулашты.

Композиторлордун айтымында, өлкөдө улуттук аспапка кызыккандардын саны жыл санап көбөйүүдө. Бул ойду комуз чапкан усталар дагы бекемдешет. Себеби комузда кол ойноткондор арбыганы, буюртма берип жасаткандардын катары дагы калыңдаган.