Калктын шайлоо тууралуу маалыматын жакшыртыш керек (видео)

2901

Калктын шайлоо тууралуу маалыматын жакшыртыш керек. Мындай жыйынтыкка “Общее дело” коомдук фондунун адистери атайын жүргүзүлгөн сурамжылоодон кийин келишкен. Үгүт иштери башталганга чейин эле коомдук уюмдун өкүлдөрү телефон аркылуу сурамжылоо жүргүзүшкөн.

1000ден ашык адамга шайлоого байланыштуу ондогон суроолор берилген. Жыйынтыгында жооп бергендердин бир тобу өзүн шайлоочулардын тизмесинен тактап коюу керектигин билбей турганын айтышкан. Мындан тышкары айрымдарынын өзүнүн милдеттери жана укуктары тууралуу маалыматтары аз болгон.