Кара түтүнгө каршы көргөзмө-акция (видео)

2348

«Башка чет өлкөлөрдөн алынып келген таза аба сатылат». Ордо калаада «Бишкектүтүн» аталышындагы көргөзмө өтүп, анда келгендердин көпчүлүгү көйгөйдү ар кандай чыгармачыл жол менен көрсөтүп жатышты.

Бир тобу абанын булганышын сүрөттөр менен беришсе, айрымдары таза абаны образдуу түрдө «сатыкка» да коюшту. Айтымдарында, кырдаал тез арада жөнгө салынбаса, дал ушундай абалга келип калышы ыктымал, дешет уюштуруучулар. Активисттердин көчөгө чыгуусуна Бишкек дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын бири деп табылганы себеп болгон.