Окумуштуулар мал ылаңына каршы дары ойлоп табышты (видео)

2902

Биотехнология жаатындагы кыргызстандык окумуштуулар малдын шарп ылаңын айыктырып, илдеттин алдын-ала турган препараттын түрүн ойлоп табышты. Адистердин айтымында, бул дары менен айыгып кеткен малдын этин жеп, сүтүн иче берсе дагы болот.

Анан да бул препараттар жакынкы күндөрү Казакстан жана Россиядан жасалган аналог вакциналарга атаандаш болору белгиленди. Баасы дагы чет өлкөдөн ташылып келгендерге салыштырмалуу бир кыйла арзан экен.