Алтынай Өмүрбекова жана Космосбек Чолпонбаев кызматтарынан бошотулду

9852

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова менен саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кызматтарынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Кечээ Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп, анда мамлекет башчысы коронавирустун алдын алуу бонча Республикалык штабдын жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишин сынга алган. Президент өлкөдө жаңы типтеги вируска чалдыккандардын санынын көбөйүп жатышы алдын алуу иштеринин жетишсиз болгонунун жыйынтыгы экенин билдирген.

Ошондой эле, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилигине кайрылып, коронавирус жуккандар менен байланышта болгондорду өз убагында аныктабаганы үчүн сынга алган. Ошондой эле, лабораториялык медициналык техниканын жетишсиздигинин байкалганы, дарыгерлерди коргоочу каражаттар менен камсыз кылууда кемчиликтер болгону кошумчаланган.

Мындан тышкары, жыл башында даяр делген лабораториялар иш жүзүндө даяр эмес экени жана тесттен өткөрүү боюнча реагенттер жетишсиз экени мамлекет жетекчисин катуу ачууланткан. Натыйжада Коопсуздук кеңеши премьер-министрге айрым өкмөт мүчөлөрүнө коронавирустун өлкөдө жайылышынын алдын албаганы үчүн чара көрүүнү сунуш кылган болчу.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.