Дүйнө жүзү боюнча бир миллиондон ашуун адам коронавирустан көз жумду

2974

Коронавирустун жайылышы көзөмөлдөн чыгып бара жатат. Бул тууралуу БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерреш билдиргенин РИА Новости агенттиги жазды. «COVID-19 пандемиясы буга чейин жашообузда болуп келген кризистердин бирине да окшобогон өтө татаал, кесепети эбегейсиз кыйынчылыктардын бири. Жакында андан каза болгондордун саны 1 миллиондон ашат. Глобалдык коопсуздукта коронавирус биринчи орундагы коркунуч бойдон калууда», — деди Гутерреш.

Башкы катчынын айтымында, учурда дүйнө жүзү вируска каршы вакцинага үмүт артып турат. Бирок ал вирустан сактаганы менен пандемия учураткан кризисти жоюп сала албайт.

Трамп америкалыктарды вирустан эмдөө октябрда башталарын айтты. «COVID-19 көзөмөлдөн чыгып бара жатат. Адам баласын сактап калуу үчүн учурда бизге вируска каршы жетиштүү жана арзан вакцина керек. Андан тышкары, коронавируска каршы күрөшүү боюнча жаңы ыкмалар зарыл. Өзгөчө, акыркы 12 айдын ичинде алар өтө керек болот», — деди башкы катчы.

Белгилей кетсек, бүгүн дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын саны жалпысынан 29 763 811ге жетти. Алардын ичинен дээрлик 1 миллионго чукулу каза болду.