Өзгөчө абал режими киргизилип жаткан аймактарга коменданттар дайындалды

3240

Өлкөнүн 3 аймагында өзгөчө абал режими киргизилип жатканына байланыштуу бул жерлерге коюлган коменданттардын аты белгилүү болду. Алсак, ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев Бишкек шаарынын коменданты болуп дайындалды. Ал эми Ош областынын ички иштер башкармалыгынын башчысы Малик Нурдинов аталган областтын Ноокат, Кара-суу райондору жана Ош шаары боюнча коменданты болду. Жеңишбек Жоробеков Жалал-Абад областынын Сузак району жана Жалал-Абад шаарынын тартиби үчүн жооп берет.

Өзгөчө абал режими жарыяланган аймактардагы кырдаалды жалпысынан Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы, Ички иштер министрлиги жана УКМК координациялай баштайт. Коменданттык саат киргизилет. Жарандардын келип-кетүүсүнүн өзүнчө тартиби киргизилет.

Өзгөчө абал режими иштей баштагандан тарта коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо үчүн эмгекке жарамдуу жарандар эмгекти жана саламаттыкты коргоонун талаптарын милдеттүү түрдө сактоо менен тартыла баштайт. Байланышты пайдалануунун өзгөчө эрежелери киргизилет. Жарандар массалык топтолгон жерлерде документтер текшериле баштайт.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.