Бишкекте 20 жаштагы келин үч эм уул төрөдү

5591

Бишкекте үч эм төрөгөн 20 жаштагы келин өзү да, балдары да реанимациядан чыгышты, баарынын абалы жакшы. Бул тууралуу Азаттыкка Перинаталдык борбордун башкы дарыгери Жамила Марипова билдирди.

Анын айтымында, 16-ноябрда ай-күнүнө дээрлик бир ай жетпей, чукул операция жолу менен ара төрөлгөн ымыркайлардын үчөө тең эркек. “Ара төрөлгөндүктөн биринчи күндөрү балдарды реанимация карады. Кечээ ара төрөлгөн балдар бөлүмүнө которулду. Энеси операция убагында кан кеткендиктен реанимацияда болчу. Бүгүн төрөттөн кийинки бөлүмгө котордук. Баарынын тең абалы туруктуу. Бул экинчи төрөтү экен, үйдө кыз бар”, — деди башкы дарыгер. Ымыркайлардын салмагы 2 кг 290 г, 2 кг 380 г жана 2 кг 220 г.

Перинаталдык борбордо быйыл үч эм төрөлгөн учур биринчи жолу катталды. Былтыр бул мекемеде, Жамила Марипованын айтымында, жети келин үч эм төрөгөн.