Филармониянын жабдыктары жаңыланды (видео)

2009

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында үн чыгаруучу жана жарык берүүчү жабдыктар жаңыртылды. 4 айга созулган иштер Япония өкмөтү тарабынан жүргүзүлүп, ага 90 миң долларга жакын гранттык каражат жумшалган.

Ондон ашуун өлкөдөн 50гө чукул маданий мекемелер катышкан долбоорлордун арасынан Кыргызстандын Улуттук филармониясы жеңүүчү болуп табылып, грантты утуп алган. Үн жабдыктары толугу менен Япониядан алынып келсе, жарык берүүчү техника Англиядан келген. Эми Филармонияга келген коноктор мурдагыдан да сапаттуу музыка, үндү угуп ырахат ала алышат.