Кыргызстанда мигранттарга онлайн түрүндө кеп-кеңештер бериле баштайт

12796

«Улгайган адамдар үчүн ресурстук борбору» коомдук бирикмеси, Winrock International тарабынан ишке ашырылып жаткан USAIDдин “Борбордук Азиядагы коопсуз миграция” долбоорунун алкагында социалдык түйүндөр аркылуу онлайн консультацияларды ишке ашырып баштайт.

Ага ылайык, тажрыйбалуу юристтер жана психологдор консультацияларды беришет, ошондой эле кайрылгандарды жардам алуу үчүн тиешелүү уюмдарга жөнөтүшөт. Долбоор АКШны эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги тарабынан каржыланууда. Консультациялар Facebook (“Салам мигрант”) жана Instagram (@salammigrantkg) социалдык түйүндөрү аркылуу дайыма туруктуу негизде ишке ашырылат. Кеп-кеңештер кыргыз жана орус тилдеринде берилет.

Каалоочулар барган же жөнөп жаткан өлкөлөрдө коронавирус илдетине байланыштуу жаӊы миграциялык эрежелер, мыйзам актылары, чаралар жана башка укуктук суроолор боюнча кеңеш алса болот. Ошондой эле, Telegram платформасында атайын чат-бот иштелип чыгат, ал жерден мигранттар дайыма пайда болгон суроолоруна ыкчам жооп ала алышат.

Мындан сырткары, коронавирус илдетине байланыштуу психологиялык жактан кыйынчылык көрүп жаткан мигранттар психологдон консультацияларды жана кеӊештерди ала алышат.