Сасык тумоого каршы эмдөөнү кимдер алууга тийиш? (видео)

4562

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб парламенттик шайлоого аттанган партияларга COVID-19 пандемиясы маалындагы санитардык талаптарды так аткаруу зарылдыгын эскертти. Ага ылайык, жыйындарга 50дөн ашуун адам чогулбашы керек жана кишилердин арасында 1,5-2 метр аралык сакталууга тийиш.

Себеби эксперттер коронавирустун экинчи толкунунун кесепеттери оор болуп калышы мүмкүн экенин айтып, коңгуроо кагышууда. Аба-ырайынын салкындашы менен кошо келе турган сасык тумоонун түрлөрүнө эмдөө быйыл былтыркы жылдарга салыштырмалуу эрте башталды. Анан да бекер вакцина тобокелчилик тобуна кирген адамдардын 13 пайызына гана жетет экен.