Алтын-Ордо конушунда каракчылык кылган деген шек менен төрт адам кармалды

11681

Алтын-Ордо конушунда курал колдонуп каракчылык кылган деген шек менен төрт адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милииясынын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, 14-июль күнү болжол менен саат 03:10до 20-25 жаш курактагы балдар медициналык беткап менен 38 жаштагы жарандын үйүнө кирип, ага күч колдонуп, белгисиз курал менен коркутушкан.

Кылмышка шектүүлөр үй ээсинин 4 миң долларын, 60 миң сомун жана уюлдук телефонун алып, “Хонда фит” үлгүсүндөгү автоунаа менен белгисиз тарапка из жашырып кетишкен. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Каракчылык» беренеси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Сокулук РИИБ кызматкерлеринин ыкчам тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында кылмышка шектүү делип, 20, 21 жана 37 жаштагы 4 жаран кармалган. Кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган.

Учурда кармалган жарандар башка дагы кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.