Арал айылында эркек киши жашы жете элек кызды зордуктоого аракет кылган

11321

Чүй облустук милициясынан кабарлашкандай, 15-апрелде Арал айылынын тургуну айылдашына карата чара көрүүнү суранып милицияга арыз менен кайрылган. Арызда жакын жайгашкан сарайлардын биринде анын 2014-жылы туулган кызын зордуктоого аракет жасалгандыгы айтылган.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, милиция кызматкерлери тарабынан шектүүнүн өздүгү такталган. Ал 28 жаштагы жергиликтүү тургун болуп чыккан. Шектүү жигит ошол эле күнү кармалып, Токмок шаардык ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда ыкчам-тергөө чаралары такталып, сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.