134

Бишкекте митингдерге убактылуу тыюу салынышы ыктымал

Первомайский суд3
Бишкекте митингдерге жана массалык нааразылык акцияларына убактылуу тыюу салынышы ыктымал. Ички иштер министрлиги, баш калаанын Биринчи май райондук сотуна тиешелуу арыз жөнөтүп, ага ылайык, борбор калаадагы сот имараттарынын, министрликтердин, Боршайкомдун жана Жогорку Кеңештин алдында 1-августтан 20-октябрга чейин нааразычылык акцияларын өткөрүүгө тыюу салуу сунушталууда.

Фемида өкүлдөрү азырынча чечим чыгара элек. Эске салсак, Биринчи май райондук сотунун алдында акыркы күндөрү митингдер байма-бай болууда. Бул имаратка жакын жашаган тургундар буга чейин сотко кайрылып бул иш-чараларга тыюу салууну өтүнүшкөн.