Бишкекте конкур боюнча эл аралык мелдеш өткөрүлдү (видео)

4016

Ат жалындагы жигиттер. Бишкек шаарындагы ат спорт мектебинде конкур боюнча эл аралык мелдеш өткөрүлдү. Ага 5 өлкөдөн келген спортчулар катышты. Көпчүлүгү ат спортунун чеберлери. Буга чейин конкур мелдешине Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын спортчулары гана катышчу.

Өткөн жылы эл аралык ат спорту федерациясынын демилгеси менен Евразия лигасы түзүлүп, Россия жана Беларусь өлкөлөрүнүн өкүлдөрү кошулган. Алгач мелдештер Борбор Азия республикаларынын борборлорунда, андан соң Россияда өткөрүлөт экен. Кийин конкур боюнча Евразия лигасы болот.