Кыргыз эл акыны, сүрөтчү Рамис Рыскулов дүйнөдөн кайтты (видео)

1330

Кыргыз адабиятына жаңылык киргизген өзгөчө таланттын ээси. Кыргыз эл акыны, сүрөтчү, Рамис Рыскулов 87 жашында узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайтты. Белгилүү талант Фрунзедеги педагогикалык окуу жайын, Москвадагы борбордук комсомолдук мектепти жана Максим Горький атындагы адабият институтун бүтүргөн.

Эмгек жолун гезитте адабий кызматкер болуп иштөөдөн баштаган. Ал дайыма чыгармачылык менен алпурушуп, бир топ ыр китептерин, чыгармалар жыйнактарын чыгарган. Рамис Рыскулов калың элдин эсинде кыргыз поэзиясына эркин ыр формасын киргизген талант катары кала берет.