Кыргызстандан чыгарылган активдер кайтарылабы? (видео)

1942

Качкын президент Куманек Бакиевдин тушунда чыгарылып кеткен активдердин канчасы Кыргызстанга кайтарылды? Бул суроого азырынча Финансы министрлиги да так маалымат бере албай келет. Өткөн жылы эле АКШ Бакиевдер тарабынан уурдалган каражаттын 4,5 миллиондой долларын кайтарып бере турганын убадалаган.

Бирок иш жүзүндө ал акчалар келип же келбегини белгисиз болууда. Ал арада кошуна Өзбекстан экс-президент Ислам Каримовдун кызы Гульнара Каримова чыгарып кеткен миллиодогон каражаттарды кайтаруу боюнча экинчи мамлекет менен келишим түзүүгө жетишти.