НТС

Бишкекте жол талашуу ок атуу менен аяктады (видео)

Бишкек шаардык милициясынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Амангуловдун колунан ок жеген айдоочу ага карата дооматы жок экенин айтууда. Бирок ошол эле убакта, тосмо арыз жаза электигин билдирди. Бишкек шаарындагы көчөлөрлүн биринде тартип сакчы 25 жаштагы айдоочуга карата ок чыгарган.

Милициянын майору катышкан мушташ жол талаштын айынан келип чыкканы маалым болду. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы жаңжалдын башталышына жабырлануучунун өзүн күнөөлөп жатат. Ал эми ооруканадан чыккан жигит тартип сакчы биринчилерден болуп кол салганын айтууда.