Имараттын 8-кабатынан кулап кеткен 18 жаштагы жигит (видео)

5197

Бишкекте курулуп жаткан имараттан кулап кеткен Элдияр Жумагулов боюнча атайын комиссия иликтөө ишин жүргүзүүдө. Экотехинспекция тарабынан түзүлгөн жумушчу топ 15 күндүн ичинде корутундусун чыгарышы керек.

1-мартта Бишкек шаарындагы курулуп жаткан имараттын 8-кабатынан 18 жаштагы жигит кулап кеткен. Ал баш мээсинен жаракат алып, эки буту, ийини, оң далысы сынып кеткен. Жабырлануучу учурда ооруканада дарыланууда.