Шайлоо алдында студенттерди каттоого алуу фактысы боюнча иш козголду

3137

Ошто жергиликтүү шайлоо алдында жогорку окуу жайлардын студенттерин массалык түрдө убактылуу каттоого алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Башкы прокуратуранын билдирүүсүнө караганда, факты «шайлоочулардын добушун сатып алуу» беренеси менен Кылмыш жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Эске салсак, 10 күн мурда эле бир катар маалымат булактарында Оштун ЖОЖдорунун декандары жана окутуучулары студенттерден жашаган жери боюнча каттоо жүргүзүү үчүн паспорт сураганы тууралуу жазып чыгышкан. Бул үчүн студенттерге сабагынан жардам берүү жана башка материалдык сыйлыктар убадаланганы белгиленген.

Бул билдирүүлөргө Башкы прокуратура эми гана үн катып, Ош шаарынын паспорттоштуруу жана жарандарды каттоо бөлүмүнүн жетекчисин мындай окуяларга жол бербөөгө чакырды.

2020-жылдын 1-январынан 11-февралына чейин шайлоо өтө турган шаарларга аймактардан келип каттоого турган жарандар көбөйгөн. Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү убактылуу каттоону жергиликтүү кеңештерге шайлоого камынган айрым саясий партиялар атайын уюштуруп жатканын айтып чыккан. Бул маселе да Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн.

Белгилей кетсек, Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын аймактарындагы 26 айылдык кеңештин жана Каракол, Балыкчы, Токмок, Ош, Майлуу-Суу шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 12-апрелинде өтөт.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.