Дордойдун соодагерлери бийликке эскертүү беришти (видео)

3574

Жаңырган жылда өлкө бюджетине 5 миллиард сом салык түшпөй калуу коркунучу бар. Пандемиядан бери киреше таппай эле, чыгашага учурап жаткан “Дордой” базарындагы ишкерлер соода жайы жабылып калышы мүмкүн экенин айтышууда. Буга кошуна Кытайдан келген товардын көлөмүнүн кескин кыскарганы себеп болуп жатыптыр.

Мурда коңшу өлкөдөн күн сайын 300гө чукул жүк ташуучу унаа Кыргызстанга кирип турса, азыр 3-4 унаа гана келип жатыптыр. Кытай бул кадамынын себебин түшүндүргөн эмес. Андыктан соодагерлер өкмөткө кайрылып маселени чукул арада чечүүсүн өтүнүп жатышат. Болбосо соода жайында күн сайын күркөлөр чекесинен жабыла баштады дешет алар.