Кыргызстандын мамлекеттик карызынын көлөмү 4 млрд 824 млн долларга жетти

3541

Кыргызстандын мамлекеттик карызынын (сырткы жана ички) көлөмү 4 миллиард 824 миллион долларга жетти. Улуттук валюта менен эсептегенде сырткы жана ички бересе 268 миллион сомдон ашкан. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Карыздар боюнча акыркы маалымат быйылкы жылдын 30-июлуна карата такталган. Ага ылайык, сырттан алынган каражат мамлекеттик насыянын 86 пайызын түзүп, башкача айтканда, 4 миллиард доллардан ашкан.

Ал эми ички карыздын суммасы 654 миллион доллардан көп болгон. Ошондой эле, быйыл январь-август айларында өлкө бюджетинен тышкы карызды төлөөгө 8 миллиард сомдон ашык сумма корогон. Ички карыз үчүн 11 миллиард сом бөлүнгөн.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.