Орозо айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбайт

5050

Орозо айт намазы мечиттерде жана аянтта окулбайт. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти. Билдирүүгө ылайык, 24-май күнү таңкы саат 07:00дө Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев телеберүүлөр аркылуу жалпы мусулмандарды Орозо айт менен куттуктайт.

«Өлкөнүн аймагында коронавирус инфекциясынын жайылуу коркунучу бүтө электигин эске алуу менен жума намазы убактылуу окулбай тургандай эле 2020-жылдын 24-майындагы Орозо айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбастыгын маалымдайбыз», — деп айтылат маалыматта.