Кинотеатрлар качан иштейт? (видео)

3121

Кароолчулар гана кайтарып калган кинотеатрлар чыгашага учуроодо. Миңге жакын адам жумушсуз калып, алардын баары башка иш издеп жатышат. Маданий борборлорду кармап туруу үчүн ишкерлер насыя алууга аргасыз болушууда.

Март айынан бери өлкөдөгү 38 кинотеатр жабык турат. Ишкерлер бир нече жолу Республикалык штабка кайрылып, кинотеатрлардын ишин жандандырууга уруксат берүүнү өтүнүшкөн. Азырынча өкмөт жооп бере элек. Кинотеатрларды ачууга дарыгерлер кандай карайт?