Бишкек-Кочкор: Жол кырсыгынан 4 адам набыт болду

5545

Төкмө акын, актер Акжолтой Канат уулу жол кырсыгына кабылып каза болду. Бул маалыматты акындын жакындары тастыкташты. Маалыматка караганда, кырсык Бишкектен Кочкор районуна бара жаткан жолдо болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча, унаада 5 киши болгон жана анын төртөөсү жол кырсыгы болгон жерде набыт болушкан. Бир жүргүнчү Кочкор райондук ооруканасында эсине келбей жатканы белгиленди. Акжолтой Канат уулу жанында келинчеги жана достору менен бараткан. Унааны кочкорлук ырчы жигит Жоомарт Алмазбеков башкарып бараткан.

Баштапкы маалыматка ылайык, кар жолдогу тайгакта унаанын тормозу иштебей, жолдун четине чыгып кеткен. Алар Балыкчы шаарындагы тойканалардын биринде өткөн тойдо кызмат көрсөтүп, чыгып келе жатышканы айтылды.

Акжолтой Канат уулу таанымал төкмө акын маркум Майра Керим кызынын уулу болчу. Төкмө акын катары жылдызы жанып келе жаткан 26-жаштагы ырчынын үйлөнгөнүнө 2 гана ай болгон.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.