Тез жардам унаасынын катышуусунда 2 жол кырсыгы катталды (видео)

4858

Бишкекте бир сутканын ичинде тез жардам унаасынын катышуусунда 2 жол кырсыгы катталды. Биринчи окуя Турусбеков жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жол кырсыгына жеке менчик тез жардам унаасы менен «Сузуки» үлгүсүндөгү унаа кагышкан.

Анын кесепетинен 10 жаштагы бөбөк жабыркап, учурда комада. Ал эми Москва-Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде мамлекеттик тез жардам унаасы да жол кырсыгына кабылды. Алынган маалыматтар боюнча, кырсыктан жабыркагандар жок.