Баласынан айрылган ата акыйкат издейт (видео)

4614

Жол кырсыгынан каза болгон өспүрүмдүн атасы адилеттүүлүк издейт. 9 жашар бала 4 ноябрь күнү жеңил унаа менен жеке менчик тез жардам кызматынын унаасынын кагылышуусунан улам жаракат алган. Башына кан уюп, операция жасалганына карабастан өспүрүм эс учуна келбей, комада жатып, 10 күндөн кийин көз жумган.

Маркумдун атасы кырсыкка тез жардамдын айдоочусу күнөөлүү экенин айтып, анын далилдери да бар экенин белгилейт. Ошентсе да, 3 апта өткөнүнө карабастан тергөөчүлөр алардын ишин карай элек.