Бишкекте айдоочу 14 жана 15 жаштагы өспүрүмдү койдуруп кетти

4780

Бишкекте жеңил унаа 2 мектеп окуучусун сүзүп кетти. Жол кырсыгы ордо калаадагы Шота Руставели менен Айни көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. «Хонда Одиссей» унаасы жөө жүргүнчүлөр өтө турган тилкеде бара жаткан 14 жана 15 жаштагы өспүрүмдү койдуруп кеткен.

Жерге учуп түшкөн балдардын биринин денеси катуу ооруганынан улам чаңырып ыйлаган. Жол кырсыгынын жабырлануучулары дароо ооруканага жеткирилип, ал эми унаа айып аянтчасына токтотулду. Учурда бул окуя боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.