Майыптар протездик-ортопедиялык ишканага нааразы (видео)

2113

Республикалык протездик-ортопедиялык ишкана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү  чектелген жарандардын өтүнүчүн өз убагында аткара албай жатат. Буга мекемедеги кадр тартыштыгы себеп болууда. Анткени маяна аз, иштөө шарты оор. Мунун кесепетинен колу-бутунан ажыраган адамдар протез жана ортопедиялык бут кийимдерди жасоо узакка созулуп жатканын айтышууда. Учурда миңдеген адам кезегин күтүүдө.

Ошондой эле, даярдалган буюмдардын сапаты дагы начар дешет. Бүгүнкү күндө алардын арызынын негизинде комиссия иштеп жатат. Эгерде мекемеде иш токтоп калса, 14 миңге жакын адам протез жана ортопедиялык бут кийимсиз калуу коркунучу бар. Кыргызстандагы мындай жападан жалгыз мамлекеттик ишкана эмне үчүн кароосуз калды?