Чүйдө паспорттук столдун кызматкерлерине кылмыш иши козголду

2930

Мамлекеттик каттоо кызматынын Чүй областы боюнча бөлүмчөлөрүнүн айрым кызматкерлери үй ээлеринин уруксаты жана тийиштүү документи жок эле каттоого тургузуп жүргөнү аныкталды. Текшерүү Токмок шаардык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн.

Алынган маалыматтар боюнча, бир эле дарекке 150дөн ашуун адамды каттаган учурлар болгон. Буга байланыштуу, «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде паспорттук столдун кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду.

Ошондой эле, Кемин жана Аламүдүн районунун калкты каттоо жана паспорт берүү бөлүмүн текшере келгенде ушундай эле фактылар катталган. Анда 2 миңден ашуун адам Токмок шаарынын ар кайсы жерине каттоого турган. Алардын ичинен 300дөй кишинин тийиштүү документи болгон эмес. Бул боюнча материал Кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Текшерүү дагы деле уланууда.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.