НТС

Бишкектин райондук соту Болсунбек Казаковду дагы 1 айга камакка калтырды

Бишкектин Биринчи май райондук соту Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы жетекчиси Болсунбек Казаковду дагы 1 айга камакка калтырды.

Мурдагы аткаминерге карата «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «менчиктештирүү, салыктык, бажылык же лицензиялык ишти жүзөгө ашырууда кызмат абалынан мыйзамсыз пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иш козголгон.

Ички иштер министрлиги тараткан маалыматта кылмыш ишин козгоого баштапкы баасы 242 миллион сомду түзгөн Бакиевдердин VIP-шаарчасынын 142 миллион сомго сатылып кетиши себеп болгон.