232

Бишкектин түштүк магистралында жол кырсыгынан бир адам каза болду

авария
Бүгүн эртең менен Бишкектин түштүк магистралында жол кырсыгынан бир адам көз жумду. Масалиев жана Шералиев көчөлөрүнүн кесилишинде кичи автобус менен жеңил автоунаа кагылышкан. Анын кесепетинен 19 жаштагы кыз каза тапты. Окуяга күбө болгондордун маалыматына караганда, жеңил унаанын айдоочусу светофор кызыл күйүп турганына карабай бурулуштан чыга калып, “Мерседес Спринтер” кичи автобусун капталга сүзүп, ал оодарылып кеткен.

Сокку болгондо №202 маршруттук таксинин ичиндеги бир кыз терезеден ыргып кетип, оодарылган унаа аны басып калган. Кыз ошол жерден каза болгон. Андан башка жабырлануучулар да бар экени кабарланууда.