144

Blacksmith Institute уюму: “Майлуу-Суу планетадагы эң булганыч шаар”


Майлуу-Суу шаарында 23 уран калдыктары сакталган жайлар бар. Дээрлик баардыгын рекультивациялоо зарыл. Калдык сактоочу жайлардын абалы начар, экологияга кооптуу. Быйыл Майлуу-Сууда апрель-май айларында бир нече жолу сел жана жер көчкүлөр жүргөн. Кесепетинен уран калдыктарын сактоочу жайларга суунун нугу жакындап калган. Эгерде уулуу калдыктар Майлуу-Суу аркылуу агып өтчү дарыяларга кошулуп кетсе 10 миллионго чукул калк жашаган Фергана өрөөнүндөгү адамдар- массалык уулануусу мүмкүн. Майлуу-Суу шаарын 2006 жылы Нью-Йорктогу жаратылышты коргоо Blacksmith Institute уюму “Планетадагы эң булганыч шаар”,- деп атаган. Майлуу