Бир катар мамлекеттер Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөтүүнү улантууда. Алардын катарына коңшу Казакстан да кошулду. Бул жолкусунда боордош өлкө медициналык каражаттарды, анын ичинде 400 ИВЛ аппаратын жана 2 миллион бет кап жөнөткөн.
Ал эми 2 күн мурда Россиядан келген 9 миң тонна азык-түлүк азырынча эч кимге таратыла элек. Ал жардам өлкөдөгү жакыр жашаган, муктаж үй-бүлөлөргө берилери айтылган. Буга чейинки келген гуманитардык жардам кимдердин колуна тийген?