Африкалыктарды кызыктырган кыргыз шырдактары (видео)

2251

Пандемиядан кийин үйдө отурган ишмечи аялдарды колдоо максатында Бишкекте социалдык долбоор иштеп жатат. Ондон ашык адамдан турган топтун катарына өлкөнүн бардык аймактарынан уз-чеберлер кошулууда. Алар кийизден ар түрдүү буюмдарды, шырдак, жаздыкчаларды жасап сатышууда.

Ишмер айымдардын эмгектерин чет өлкөлүктөр интернет дүкөнү аркылуу алып жатышат. Долбоор башталган 1,5 жылда 100 ашык шырдак сатылган. Түйшүгү көп жумуштун аркасы менен пайда таап, үй-бүлөсүн баккан айымдар жана мырзалар.