Дүйнө элинин эпосторунун VI Эл аралык фестивалы Бишкекте (видео)

2417

Ордо калаада Эгемендиктин 30 жылдыгына жана акын Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналган Дүйнө эпосторунун эл аралык 6-фестивалы өтүүдө. Иш-чаранын экинчи күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониянын алдындагы «Кыргыз айылы» этно-шаарчасында уланды.

Анда «Мыкты боз үй», «Мыкты семетейчи» жана дизайнерлер арасында «Саркеч көчмөн» сынактары өткөрүлдү. Ошондой эле, иш-чара кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү менен коштолду. Фестивалга жергиликтүү ууз, чеберлерден тышкары, дүйнөнүн 20 чукул мамлекеттеринен дагы өнөр адамдары катышууда.