77

БШК: Автоматтык эсептегич үкөктөр боюнча маселе жаралбайт


Кийинки аптадан тарта өлкө боюнча шайлоо тилкелериндеги комиссия мүчөлөрүн окутуу башталат. Алар автоматтык үкөктөрдү кынтыксыз иштетүү боюнча тажрыйбаларды алышат. Учурда жер-жерлерге автоматтык эсептөөчү аппараттарды жеткирүү иштери жүрүп жатат. Эске салсак, былтыр жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум өткөрүүдө бир канча аймакта аппараттар иштен чыгып, көйгөй жараткан. Бул сапар андай мүчүлүштүктөр кайталанбайт деп ким кепилдик берет?