НТС

Бюджеттен миллиард сомду кимдер чыгарып кеткен? (видео)

Кошумча нарк салыгын кайтаруу ишкерлерди колдообу же коррупционерлердин мыйзамсыз акча табуусуна жол ачуубу? Кыргызстанда он күндүн ичинде эле бюджетке бир миллиард сомдон ашуун зыян келтирилген эки фактынын бети ачылды. Жемкорлукка шектелгендер колдонгон схема дагы жөнөкөй. Алар кайсы бир ишкана экспорттогон товары үчүн чет өлкөдө кошумча нарк салыгын төлөдү деп жалган документтер менен бюджеттен ири каражаттарды чыгарып кетип турган. Тергөөнүн маалыматына ылайык, жети мекеменин жетекчилигинен турган комиссия келтирген зыян 847 миллион сомдон ашат. Буга чейин 217 миллион сомду мыйзамсыз которгон деп беш салыкчы камалган.