НТС

Бүгүн Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуунун мөөнөтү аяктайт

Бүгүн түнү юридикалык жактардан Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуунун мөөнөтү аяктайт. Талапка ылайык, 1-мартка чейин ата мекендик уюмдар, дыйкан чарбалар жана Кыргызстанда ишмердүүлүк жүргүзүп келген туруктуу мекемеси бар чет элдик уюмдар декларация тапшырышы керек.

Салык кызматы кирешеси тууралуу маалымат бере элек юридикалык жактарды бүгүн түнкү саат 12ге чейин тапшырууга чакырат. Ал эми декларацияны өз убагында өткөрбөгөндөр 10 миң сомго чейин айып пулга жыгылат.

Бүгүнкү күнгө карата 70 миң 519 юридикалык тарап кирешеси тууралуу маалымат тапшырган. Ал эми жеке жактар менен мамлекеттик кызматкерлерден декларация кабыл алуу 1-апрелге чейин уланат.