НТС

Бүткүл дүйнө жүзүн тынчсыздандырган вирустун жаңы түрү (видео)

Улуу Британияда коронавирустун азыркыдан да жугуштуу болгон жаңы түрү жайылып, миңден ашык кишиден аныкталды. Мындан улам 20дай өлкө аталган мамлекет менен байланышты токтотту.

Улуу Британиянын бийлиги вирустун жаңы түрү 70 пайызга жугуштуу болушу мүмкүн экендигин айтып, калкты этият болууга чакырып келет. Буга байланыштуу бир катар өлкөлөр карантиндик эрежелерди күчөтүүдө. Кыргызстан анын алдын-алуу үчүн кандай чараларды көрүүдө?