НТС

БУУ конвенциясы майыптардын маселесин чечеби?

Бириккен улуттар уюмунун майыптар тууралуу конвенциясын ишке ашыруу үчүн Кыргызстанга 7 миллиард сом керек. Учурда бул документ парламенттин кароосунда. Эл аралык иштер боюнча комитет конвенцияны ратификациялоону экинчи окууда жактырды. Документ кабыл алынса, аны жүзөгө ашырууга алдыңкы 10 жылда 6 млрд 647 миллион сом талап кылынат.

Каражаттын 1,5 миллиарды билим берүүгө, ден соолукту чыңдоого, спорт менен машыгууга жумшалат. Ал эми калган бөлүгү 5 миллиард сом инфраструктураны жакшыртууга сарпталат. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер тууралуу конвенцияны Бириккен Улуттар уюму 2006-жылы кабыл алган. Бул документке Кыргызстан 2011-жылы кол коюп, бирок каражат маселесинен улам ратификацияланбай келген. 8 жыл күттүргөн документти ишке киргизүүгө өлкө даярбы?